Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүп, тармакта туруктуу өсүү динамикасы байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде республикадагы кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш өнөр жайы, анын ичинде суусундуктар жана тамеки буюмдарын өндүрүүчү ишканалардын үлүшү 18,8% түзгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын январь айында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан 8 091,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6%, бул тармакта оң динамиканы көрсөтүүдө.
2026-жылга карата пландар
Министрлик кайра иштетүү өнөр жайын мындан ары өнүктүрүү максатында 75 кайра иштетүүчү ишкана жана соода-логистикалык борборлорду ачуу пландаган.
Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди:
- Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы — жеке ишкер Амантуров Кубатбек ундан жарым фабрикаттарды өндүрүүчү цех ачты.
- Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы — жеке ишкер Мусабекова Айжамал айына 4 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачты.
- Ысык-Көл облусу, Тоң району — «Эрдик» ААК аралаш тоют өндүрүүчү ишкана ачты.
Мындан тышкары, Манас шаарында жаңы соода-логистикалык борбор каттоодон өттү:
- «Золотой Орех» ЖЧК — кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган.
Министрлик аймактардагы кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштерди планга ылайык улантат.

