Мексиканын Веракрус штатында мэрликке талапкер Есения Лара Гутьеррес шайлоо митингинде, түз эфир учурунда атып өлтүрүлдү. Аны менен кошо дагы үч адам каза тапты, деп жазат CNN Mexico.
Гутьеррес Тексистепек шаарында тарапкерлеринин коштоосунда көчө менен бара жатканда, 20га жакын ок атылган.
Мексикада шайлоо маалында саясатчыларга кол салуу адатка айланып калды. Data Cívica уюмунун маалыматы боюнча, 2023-жылы 661 саясий-кылмыштуу чабуул катталган.
Буга чейин да бир нече мэрлер жана талапкерлер өлтүрүлгөн. Өлкөдө шайлоо коопсуздугу курч темага айланды.