Садыр Жапаров: Кыргызстанга кайта албай жаткан жарандар эвакуацияланат

0
13738

Садыр Жапаров Кыргызстанга келе албай жаткан жарандарды эвакуациялоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине кайта албай жаткан жарандарды алып келүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын жазды.

Анын айтымында, Бириккен Араб Эмираттары аймагында учуп-конууга убактылуу тыюу салынганына байланыштуу, Оман менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки учак жалдап 300 адамды алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилген.

«Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам», — деп жазды президент.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз