Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары жана Оман менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, маселе тынымсыз көзөмөлдө кармалууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.
Ошондой эле ТИМ чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарды этият болууга, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болууга чакырат.
«Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын коопсуздук талаптарын так сактоону, өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Израил Иранга сокку ургандан кийин Жакынкы Чыгыштагы абал курчуп, аймактагы бир катар аба каттамдары токтотулган.


