Кыргызстанда күйүүчү майдын абалы туруктуу бойдон калууда. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатовдун маалыматына караганда, мунай заттарынын запасы жетиштүү жана өлкөдөгү май куюучу жайлар кадимкидей иштеп жатат. Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга карабастан, күйүүчү майдын баасында өзгөрүү болгон жок.
Эшатов белгилегендей, март айына карата түзүлгөн келишимдердин негизинде мунай продуктуларынын көбү Россиядан жеткирилүүдө. Учурда Лондон жана Нью-Йорктогу биржаларда «Brent» маркасындагы мунайдын баасы 79 долларга чейин көтөрүлдү, бирок жергиликтүү компаниялар азырынча ошол баа менен келишим түзө элек.
Ал кошумчалагандай, жыл сайын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен меморандум түзүлүп, жазгы талаа жумуштарына жетиштүү күйүүчү-майлоочу майлардын запасы камсыздалат. Кыргызстанда баа туруктуу жана жеткирүүлөр үзгүлтүксүз жүрүп жатат.


