Кыргызстанда “Электрондук нотариат” мобилдик тиркемеси ишке кирди

0
4109

Кыргызстанда “Электрондук нотариат” аттуу мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тиркемени азырынча Play Market аркылуу жүктөп алууга болот. Жакынкы убакта ал App Store платформасында да жеткиликтүү болот.

Мобилдик тиркеме аркылуу төмөнкү нотариалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүн:

  • жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү;
  • жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү;
  • паспорт алуу үчүн макулдук тариздөө;
  • жарандыкты алуу же андан чыгуу боюнча макулдуктарды күбөлөндүрүү;
  • мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдү бажы тариздөөсүн жүргүзүү жана мамлекеттик мекемелерде кызыкчылыктарды коргоо үчүн (мүлктү өткөрүп берүүсүз) ишеним каттарды күбөлөндүрүү.

Министрликтин маалыматына ылайык, тиркеме аркылуу нотариалдык аракеттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар жана юридикалык жактар үчүн да, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптары сакталган шартта аткарылат.

Жаңы санариптик курал нотариат системасын реформалоонун алкагында ишке киргизилип, жарандарга жана уюмдарга нотариалдык кызматтарды аралыктан жана ыңгайлуу форматта алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз