Кыргызстанда тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү жана өндүрүштү модернизациялоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2026-жылы 75 кайра иштетүү ишканасын ишке берүү долбоору бекитилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү 6 млрд 203 млн сомду түзөт. Каражаттар мамлекеттик жеңилдетилген кредиттердин, жеке инвестициялардын жана эл аралык уюмдардын эсебинен каржыланат.
Аймактар боюнча бөлүштүрүү:
- Нарын облусу — 15 ишкана;
- Жалал-Абад облусу — 14 ишкана;
- Ысык-Көл облусу — 12 ишкана;
- Ош облусу жана Баткен облусу — 9дан ишкана;
- Чүй облусу жана Талас облусу — 8ден ишкана.
Быйыл ишке берилүүчү 75 объекттин катарында 14 мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишкана, 10 мал союучу жай, 8 этти кайра иштетүүчү (анын ичинен алтоо тоок этин өндүрүүчү) жана 8 сүт ишканасы бар.
Мындан тышкары, 10 соода-логистикалык борбор, 5 жүндү кайра иштетүүчү жана 3 тоют даярдоочу ишкана ачылат. Ошондой эле балык, дары чөп, бал жана минералдык суу өндүрүүчү заводдор ишке киргизилет.


