Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Ирандагы кыргыз жарандар Түркия аркылуу өлкөдөн чыга алышат.
Маалыматка ылайык, Ирандагы кырдаалдын уланып жатышына жана өлкөнүн аба мейкиндигинин жабык болушуна байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Иран–Түркия кургактык чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу Түркия аймагына өтө аларын билдирген.
ТИМ Иранда жүргөн жана Түркия аркылуу чыгып кетүүнү пландап жаткан жарандарды алдын ала Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине же Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылууга чакырды.


