2026-жылдын 3-мартында Бишкек шаарындагы Ынтымак-Ордо резиденциясында Адылбек Касымалиев төрагалык кылган жыйында үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, эл аралык жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер катышты.
Күн тартибинде жети негизги маселе каралды:
- 2022–2026-жылдарга аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун мониторинг жыйынтыктары;
- 2022–2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү, анын ичинде балдар арасындагы укук бузууларды жана суициддерди алдын алуу;
- 2018–2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасын ишке ашырууга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары;
- Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча мезгилдүү баяндаманы даярдоо;
- Балдарды зомбулуктан жана дене-бой жазаларынан коргоо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибинин долбоору жана жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүү тартибинин долбоору;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетинин корутунду сын-пикирлерин аткаруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы;
- Аталган комитеттин сунуштарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик инструменттерди колдонуу аркылуу негиздерди түзүү.
Жыйындын жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер боюнча бир катар чечимдер кабыл алынып, тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле Улуттук кеңештин 2026-жылга карата иш-чаралар планы бекитилди.

