Башкы беткеМаанилүүКыргызстан эл аралык инвесторлорду тартууга кызыктар

Кыргызстан эл аралык инвесторлорду тартууга кызыктар

2026-жылдын 3-мартында Бишкек шаарындагы Ынтымак Ордо резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда компания өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги инфраструктуралык долбоорлорго эл аралык инвесторлорду тартууга жана каржылоого кызыкдар экенин билдиришти. Анын ичинде Европа өлкөлөрүнөн жеке жана юридикалык жактарды эркин экономикалык аймактын жана Edelweiss банкынын алкагындагы банктык жана корпоративдик кызматтарга тартуу маселеси талкууланды.

Эркин экономикалык аймакты уюштурууну Майлуу-Суу лампа заводу ачык акционердик коому жайгашкан аймакта кароо артыкчылыктуу багыт катары белгиленди. Бул жерде кайра иштетүүчү өнөр жай жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда европалык технологияларды колдонуу жана тиешелүү каржылоо механизмдерин киргизүү каралууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер үчүн ар дайым ачык экенин белгилеп, ошол эле учурда улуттук мыйзамдардын так сакталуусу зарылдыгын айтты. Ошондой эле айтылган сунуштардын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар