Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу КР Баатыры, залкар акын Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган маарекелик иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Төрага даңазалуу калемгер Сооронбай Жусуев чыгармаларын жасап эмес, жашап жазган акындардын бири экенин баса белгилеп: “Кырчындай курагы кан күйгөн согуш учуруна туш келгендиктен алгачкы чыгармалары ошол алааматка байланышкан. Тагыраагы, акындын ырлары элди мекенчилдикке үндөп, айрыкча жаштарды ата-журт үчүн кызмат кылууга багыттайт”, — деди.
Мындан тышкары, жаратман акын мыкты котормочу да болгонун айткан Нурланбек Тургунбек уулу ал Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Омар Хайам, Маяковский, Есенин өңдүү бир топ акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулаганын билдирди.
“Айрыкча боордош түркмөн элинин улуу акыны Мактымкулинин философиялык ойлорду камтыган ырларын бийик чеберчилик менен которгон. Жеке мен Сооронбай Жусуевдин котормосу аркылуу Мактымкулинин чыгармачылыгын, жараткан эмгектерин тааныгам”,-деди төрага.
Ошондой эле ардагер акынга ардактуу сыйлыктар ыйгарылып, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы өз убагында берилгенин айткан төрага: “Элибизде “Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, улуу калемгер арабызда жок болсо да анын элесин эскерип, калтырган мурастарын урпактан-урпакка улантуу ар бирибиздин милдетибиз”, – деген пикирин айтты.
Эскерте кетсек, залкар акын 1925-жылы төрөлүп, 2016-жылы 91 жаш курагында каза болгон.