Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБыйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу 11-классты аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу 11-классты аяктайт

2024/25-окуу жылында Кыргызстанда 80 348 окуучу 11-классты аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 9-классты 135 миң 681 окуучу аяктап жатат.

Эскерте кетсек, бардык жалпы билим берүү уюмдарында акыркы коңгуроо 26-майда кагылат. Билим берүү министрлиги акча чогултууга, фейерверктерди колдонууга жана экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салган.

2-17-июнь аралыгында 2024/25-окуу жылынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн төрт предмет боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар