71 жаштагы эркек адамга генетикалык өзгөртүлгөн чочконун боору көчүрүлүп, ал орган адамдын негизги функцияларын бир нече ай бою аткарган. Бул учур медицина тарыхында адамдын жашоосун убактылуу колдогон чочконун боору колдонулган алгачкы ийгиликтүү ксенотрансплантация катары бааланды.
Journal of Hepatology журналы жазгандай, бейтап 171 күн жашаган. Изилдөө чочконун боору адам организминде иштей аларын тастыктап, бирок олуттуу татаалдыктар бар экенин да көрсөткөн.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын миңдеген адамдар боор көчүртүүгө кезек күтүүдө каза болушат. Мисалы, Кытайда жүз миңдеген бейтаптар боор жетишсиздигинен жабыркайт, бирок алардын болгону 6 миңи гана трансплантация ала алат.

