whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБШК үгүт эрежелерин бузгандарга айып пул салды

БШК үгүт эрежелерин бузгандарга айып пул салды

Бишкек, 28-октябрь. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча бир катар жарандарга айып пул салуу чечимин кабыл алды.

Маалыматка ылайык, Бакмурат Токтогулов социалдык тармактагы баракчасында талапкерлер тууралуу жалган маалымат тараткан деген жүйө менен 19 миң 500 сом айыпка жыгылды.

Мындан тышкары, жарандык активист Айбек Теңизбай, журналисттер Мирлан Дүйшөнбаев жана Нургазы Анаркулов, Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза, ошондой эле адвокат жана талапкер Канат Хасанов ар бири 7 миң 500 сомдон айып пул төлөшөт.

БШК талапкерлерди, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлерин, ММК өкүлдөрүн жана социалдык тармак колдонуучуларын мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырды. Комиссиянын билдирүүсүндө үгүт кампаниясы расмий баштала электе талапкерлерди колдоо же каралоо мазмунундагы билдирүүлөрдү жарыялоо — мыйзам бузуу экени эскертилип өттү.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10–29-ноябрь күндөрү өтөт. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот.
Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылары белгиленди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар