Кечээ, Бишкек шаарындагы транспорттук абалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган ачык эксперттик жолугушуу болуп өттү.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, эксперттердин, шаар тургундарынын, мамлекеттик органдардын жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн Жол кеңешинин атайын аянтчасын түзүү демилгеси көтөрүлдү.
Жолугушууну ачкан Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышуучуларга активдүү позициясы жана ачык диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биргелешкен аракеттер менен гана биз борбор калаадагы жол тыгындары маселесин чече алабыз. Азыркы тапта негизги көңүл жол инфраструктурасын оңдоого жана жаңылоого, “акылдуу” светофор системасын киргизүүгө жана муниципалитеттин жоопкерчилигиндеги башка чечимдерди ишке ашырууга бурулууда», — деди мэр.
Иш-чаранын алкагында аналитикалык сессия жана панелдик талкуу өткөрүлүп, тыгындарды азайтуу боюнча комплекстүү чаралар каралды. Коомдук уюмдардын, транспорт компанияларынын, блогерлердин жана көз карандысыз эксперттердин сунуштары угулду.
Жолугушууда активдүү шаар тургундарын сыйлоо аземи да уюштурулду. Мэр Айбек Джунушалиев кар тазалоо иштеринде көрсөткөн жардамы үчүн Мирлан Жукеевге, ошондой эле мэриянын ишмердүүлүгүн чагылдырууга кошкон салымы үчүн Рашид Браунга ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Борборбек Ташматов, Жогорку Кеңеш жана шаардык кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү, укук коргоо органдары, курулуш компаниялары, ЖМК өкүлдөрү жана активдүү шаар тургундары катышты.

