Трамп Газа боюнча 7 млрд доллардан ашык каражат чогулганын билдирди

0
3291

Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп «Тынчтык кеңешинин» алкагында Газаны калыбына келтирүүгө 7 млрд доллардан ашык каражат тартылганын билдирди.

Маалыматка караганда, кеңештин Вашингтондогу алгачкы жыйынында бир катар мамлекеттер жардам пакетине салым кошкон. Алардын катарында Казакстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабия, Өзбекстан жана Кувейт бар.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев анын өлкөсү эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн курамында Газага аскерлерди, анын ичинде дарыгерлерден турган топторду жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.

«Тынчтык кеңешин» түзүү демилгесин Трамп өзү көтөргөн. Ал 23-январда Давос шаарында тиешелүү документтерге кол койгон. Кийинчерээк бул түзүм Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен колдоого алынганы маалымдалды.

Кеңешке Түркия, Египет, Сауд Арабиясы, Катар жана Индонезия сыяктуу мамлекеттер да кошулган. Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери жыйынга катышуу үчүн Вашингтонго барганы кабарланды.

Трамптын Газа планына ылайык, Израил менен ХАМАС уюмунун ортосунда октябрда жетишилген ок атышууну токтотуу келишиминен кийин «Тынчтык кеңеши» Газадагы убактылуу башкарууну көзөмөлдөөгө тийиш болчу. Бирок кийин Трамп бул түзүм дүйнөдөгү башка жаңжалдарды да кароого ыйгарым укук алышы мүмкүн экенин билдирген.

Эл аралык уюмдардын баамында, Газа тилкесин толук калыбына келтирүү үчүн болжол менен 70 млрд доллар талап кылынат. Эки жылга созулган согуштук аракеттерден кийин аймактагы инфраструктура жана турак жай фонду олуттуу зыян тартканы белгиленүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз