whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятЖыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Эстетикалык табити жок адамдын сын жазганы зыян»

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Эстетикалык табити жок адамдын сын жазганы зыян»

Жакында Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада белгилүү журналист, акын, котормочу, публицист Жыргалбек КАСАБОЛОТтун “Сын китеп” аттуу публицистика, поэзия, проза, синтетикалык жанрлар жана кино боюнча талдоолор жыйнагы боюнча окурмандар менен автордун пикир алмашуусу болду. Учурдан пайдаланып аны менен ат жалында маектешүүгө да үлгүрдүк.

– Жыргалбек мырза, сиз сынды кайсыл критерийлердин негизинде жазасыз жана сын жазуу предметтерин кандай тандайсыз?

– Илгери Болот Акматов деген агайыбыз бар эле. Ошол киши “Сын десе эле көбү талкалап салуу деп түшүнөт. Чынында сын – чыгарманын экинчи өмүрү. Сын – бул чыгарманы чечмелеп, окурманга ачып берүү” деп, анан бизге Кымбатбек Укаевдин “Ак Мөөрдүн арманы” деген сын макаласын окуткан. Кийин Кадыркул Даутовдун Байдылда Сарногоевдин чыгармачылыгынын сыры жөнүндөгү сын макаласын окудум. Анда К.Даутов акынды ар тараптуу өңүттөн ачып берген. Ошондой эле Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романы боюнча Кеңешбек Асаналиевдин “Майдан романынын майданында” деген макаласын окусаңыздар керек. Ошол жерде соцреализмдин канчалык эскирип калганы макала аркылуу ачылып, ашык-кеми жок бүтүндөй доордун жаракасы көрсөтүлгөн. Себеби, ага чейин андай талаш болгон эмес. Ошол нерселердин баарын ретроспективасынан, доордун фонунан караганда, автордун өзүнүн басып өткөн тажрыйбасына таянганда абдан кызыктуу жыйынтыктарга алып келет турбайбы деп сынга кызыгып кеткем. Негизи башында үч автор мага өздөрү кайрылышты. Алгачкы талдоом Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” деген китебине карата жазылган макала менен башталган. Аны автор өзү суранганынан жазгам. Ал жарыяланганда элдин көбү “Мурда сиз сын жазып жүрдүңүз беле?” – деп сурап жатышты. А менин ошондо өмүрүмдө биринчи жолу чыгарма боюнча пикир жазышым болчу. Анан белгилүү акын Шайлообек агай кайрылып, көлөмдүү китебине баш сөз жазып берүүнү суранып калды. Бизде салт кандай? Бизде аксакалдар баш сөз жазып, кичүүлөргө жол көрсөтөт да. Чочуп: “Ээ кокуй, бу кандай болуп калат?” – деп башында баш тартсам, ал киши: “Эми мен улуу деп Сүйүнбай Эралиевди кайдан издеп отурайын?” – деп күлдүрдү. Негизи ал кишинин көзү окуяны же көрүнүштү сүрөттөөдө режиссёрдун же сүрөтчүнүн көзүндөй карайт. Акындар сезимге же башка нерсеге кирип кетсе, ал киши көрүнүштүн өзүн өтө таамай сүрөттөйт. Бир эле мисал – кыш жөнүндөгү ырында:

“Кылчылдайт. Жука кийгени.
«Кышсыңбы?» – десек: «Ии», – деди.
«Үйгө кир, даам сыз», – деди энем.
Үй муздак болчу. Кирбеди.
Очоктун оозу тегерек,
Ой жатты мени тебелеп.
“От жагып койсок эмине,
Отуруп кетпейт беле”, – деп”. Чынында мындай ырлардын тегерегинде мультфильм, фильм тартса болот. Ушул сыяктуу ар бир акындын өзүнүн өзгөчөлүгүн ачып жүрүп от урса көп темалар бар экен. Мен жалпы эле талкалап, сындап салып же мактап эмес, ичин ачып бергенге аракет кылам. Негизи чыгармада талдоого кызыктуу жагдайлар бар болсо ошондо гана тема ачылат. Болбосо, көп мыкты акындар бар. Бир типте жазган үчүн алардыкын ачыш кыйын болуп калат. Кээде сапма-сап талданган нерселер да бар. Мисалы, Калчоро Көкүловдун “Шарт ушул бири билбей, бири билип” деген ырынын беш куплетин, беш башка кылып талдап бергем. Экинчиден, бул эрмек катары жазылган нерселер да. Себеби, мен филология боюнча илим жактаган эмесмин. Болгону өзүмдүн жеке байкоолорумдун негизиндеги талдоолор. Чынында сын, талдоолор көп эле жазылып келе жатат. Бирок, бир чоң маселе бар. Жазып жаткан адамдын эстетикалык табити, сезими курч болбосо ал сындын пайдасынан зыяны көбүрөөк.

– “Сын китебиңизге” кимдердин чыгармаларына, эмгектерине жазылган талдоолоруңуз кирди?

– Мурда Чоюн Өмүралиевдин “Кыргыз мамлекеттиги: кечээ, бүгүн, эртең” деген чоң аналитикалык китебине “Устатым Чоюн Алптын дүйнөлүк жүгү” деген баш сөз жазгам. Ошол кирди. Ал китеп негизи эгемендик жылдарынан берки жазылып келе жаткан макалалар топтому катары жакынкы жылдары чыккан. Поэзиядан Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” деген китеби жөнүндө макала кирди. Шайлообек байкенин «Жаз, жай, күз, кыш” деген китебине карата баш сөз, Анасбек Жумалиевдин 1971-жылы чыккан ырлары эмне үчүн эскирбей, бизге замандаш болуп чыгып жатканы боюнча талдоом кирди. Андан сырткары китепке Жолон Мамытовдун поэзиясына карата “Тирүүлөргө сунулган кол” деген, Калчоро байкенин “Шарт ушул, бири билбей, бири билип” деген ырына сапма сап талдоо, Толук Бек Байзактын китебине карата “Көчмөн дүйнөдөгү” көздөн учкан көк жээк” деген талдоом кирди. Прозадан Нуриза Өмүрбаева менен Нарсулуу Гургубаеванын эпистолярдык жанрдагы “Кат турмуш” деген китеби чыккан. Ошонун өзгөчөлүктөрүн ачып бергем. Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелерине, «Адашкан арбактардын убарасы” деп Аслан Койчиевдин “Добул-таштык Заратустранын аңгемеси” деген повестине, Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнүнө” карата “Доордун айкели” деген ж.б. талдоолорумду киргиздим.

– Башка акын, жазуучулар, адабий сынчылар жупкадай китеп чыгарса деле катуу жарнамалап, элди чогултуп бет ачарын өткөрөт. Сиз неге мындай чакан чөйрөдө өткөрүп жатасыз?

– Мен проза, поэзия жакшы окулуп, адабий сын анча деле окулбаса керек деп ойлоп жүргөм. Ошондуктан Толукбек досумдун демилгеси менен китепти окурмандарга тааныштырып, алгысы келгендерге, кызыккандарга берели дегенбиз. Менимче, чоң кечени ырлар, поэзия боюнча өткөрсө туура болот го. Анткени, адабий сын – бул белгилүү бир чакан чөйрөгө кызыгуу жарата турган нерсе. Авторлорго келсек, мунун ичине чыгармалары киргендердин баары билет. Ал тургай аларга таратып чыккам. Анын үстүнө бул макалалардын жазылганына да бир топ убакыт болуп калды.

– Жыргалбек мырза, социалдык тармакта олуттуу ой-пикирлерди жазып, чыгармачыл адамдарга, элге, ал тургай бийлик бутагындагыларга жакшы багыт берип турчу элеңиз. Кийинки убактарда неге көрүнбөй калдыңыз?

– Чоюн байкенин эмгегине жазылган баш сөз – менин абдан чоң аракет менен жазылган эмгектеримдин бири. Ошону ашып кетсе 500 киши окуп, 500 киши түшүндү. Ошол убакта ырчылардан бирөө Көлдүн жээгине барып жылаңач сүрөткө түшүп коюптур. Соцтармакта ошону эл миңдеп талкуулап жатышканын көрдүм. Ошондон кийин менин көңүлүм кайт болуп соцтармактан чыгып кеткем.

– Ушуну менен токтоп калбай кийин сын жазууну улантасызбы?

– Эгерде убакыт жетсе, предметтин өзү кызыктуу болсо улантам го деп ойлойм. Бүгүн эле “Кыргыз маданият борборуна” Рахат Аманованын “Күмүш кемери” боюнча макалам чыкты. Бирок бул менин негизги ишим эмес, ара-чолодо жазып жүргөн ишим болгондуктан эмгегим өлүп калбасын деген аракет.

– Азыркы поэзия, проза жазгандардын баары эле өздөрүн мыктымын деп ойлошот. Негизи автордун чыныгы жазуучу, акын экенин же халтурщик экенин аныктай турган адабий сындын бир механизми барбы? Бир чыгарманы беш башка адам талдаса айырма болушу керекпи?

– Мунун объективдүү жана субъективдүү да жагы бар. Объективдүү дегеним илгертен эле адабият теориясы бар да. Чыгарманын техникасына, идеясына, көркөмдүгүнө карата коюлган талаптар башынан бери келатат. Кептин баары ошону ким кандай түшүнөт? Кээ бир илимпоздордун илимий макалаларын окуп жүрөм. Биринчиден, бирөөнүн ортозаар эле жазгандарына, ырларына илимий терминдерди, “дирилдеген”, “назик” сыяктуу сөздөрдү кошуп, окурманга сунуп койсо ал сын сыяктуу болуп калган жагдай жаралып калат. Экинчиден, субъективизм көп. Ал баары бир адамдардын өз ара мамилесине көз каранды болот экен. Башынан сын десе эле талкалап же макташ гана керек деп түшүнүп алгандар бар. Жалпы критерийлер бар.

Албетте, эгер бир предметти төрт-бешөө алып жазса айырма чыгат. Себеби, бешөө беш башка ракурстан карайт. Бирок, жалпылык да болуш керек. Канчалык объективдүү болсо ошончолук жалпылык көп болот. Бирок биз ошого жеттикпи, жеткен жокпузбу, ал таптакыр башка маселе. Мен идеалын жана реалдуулугун айтып жатам.

– Бул китебиңиздеги сындарга кайра реакция кылып, өзүңүз менен баарлашкандар барбы?

– Жалпы жонунан өтө нааразы болгон эч кимисин көргөн жокмун. Бирок, жогоруда айткандай, сындын эки багыты байкалып жүрөт. Талкалап салып же бир жактуу мактоо жана ачып берүү. Мен бир топторун ачып бергенге аракет кылдым. Ага эч ким деле нааразы болбойт болуш керек. Мисалы, меникин ачып берсе мен деле ыраазы болмокмун. Экинчи багыты боюнча болгондуктан, балким, көп тарабай жаткан болушу мүмкүн. Эгер полемикага бурулуп, дүңүнөн эле “Ой, бул такыр жарабайт”, “Сен өзүң жарабайсың” деген багытта кетсе балким ошондо көбүрөөк окулмактыр. Бирок мен антип жазгым келген жок.

– Бүгүнкү “Сын китеп” талдоолор жыйнагыңыз азыраак нуска менен чыгыптыр. Муну мамлекеттик китепканаларга бердиңизби, кийин суроо-талап болуп калса дагы бастырасызбы?

– Азырынча муну мен окурмандар арасында таратып жатам. Артып калса мамлекеттик китепканаларга да берем. Себеби, мурда да китептеримди өткөрүп берип жүргөм. Бирок, мамлекеттик китепканаларга баргандар, барбагандар бар дегендей, атайын келип алгандардын китеп текчесинде турганы да жакшы.

– Бул китепке төрт жанр жана кино боюнча да талдоолор кириптир. Келечекте башка жанр, багыттар боюнча сын жазсам деген оюңуз барбы?

– Азырынча ушул эле. Драматургия боюнча сын жазыш үчүн бир аз даярдык керек. Поэзияны, публицистиканы, прозаны талдаш мен үчүн жеңилирээк.

– Өзүңүз көп жылдар журналистикада да жүрдүңүз. Учурдагы кыргыз журналистикасынын оош-кыйышы, ийгилиги боюнча орчундуу макала же китеп жазуу оюңуз барбы?

– Андай эмгек жазылган. Марат Токоев досум экөөбүз былтыр медиасабаттуулук боюнча жалпы эл үчүн “Алданба!” деген колдонмо китеп чыгардык. Аны азыр “Медиа өнүктүрүү борбору” өкмөттүк эмес уюмдарга таратып жатат. Ал кыргызча жалпак, жатык тил менен, көнүгүүлөрү, мисалдары менен жазылган. Андай эмгек кыргыз журналистикасында жасала элек. Эгерде кайталап чыгаруу уруксатын өзүбүзгө беришсе дагы чыгаралы деген ой бар.

– Азыр кыргыз проза, поэзиясында көзгө, жүрөккө урунарлык кандай кемчиликтер болуп жатат?

– Айта берсек кемчиликтер көп. Азыр поэзияга киргендердин татаалдантып жазмай оорусу бар. Канчалык татаал жазсак ошончолук кыйын акынбыз деген түшүнүк жаш кезде бизде да болгон. Бирок, оозду куу чөп менен аарчый берген болбойт. Ар бир мезгилдин өз мыктылары болот. Ушу тапта кыргыз коомуна кадимкидей таанылып калган тажрыйбалуу акындарыбыз бар. Алсак, Шабдан Сулайманов, Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева жана башкалар. Болгону андай акындардын чыгармаларын элге жеткиришибиз керек.

– Азыр ар кандай башты айлантма курстар, окуулар ачылып жатат. Келе чекте адабий сын боюнча мамлекеттик деңгээлде бир окуу ачса болобу?

– Болсо керек. Бирок, аны ушул багытта илим жактагандар башында туруп жасабаса, биздики ышкыбоздук деңгээлде эле да. Биз өзүбүздүн жеке ойлорубузду, жыйынтыктарыбызды жазып жатабыз. Чынында ал системалуу жасала турган иш.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар