2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кооперация, логистика жана механизация тармактарында олуттуу өсүштөр катталды. Тармакта инфраструктура кеңейип, өндүрүш көлөмү жогорулап, жаңы жумуш орундар түзүлдү.
Учурда өлкө боюнча 483 кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат. Алардын ичинен 39у 2025-жылы жаңы ачылган. Ошондой эле 5 200 чакан ишкана ишмердүүлүк жүргүзүп, анын 61и быйыл түзүлгөн. Логистикалык инфраструктура да активдүү өнүгүп, 40 соода-логистикалык борбор, 264 жашылча сактоочу кампа жана 115 мал союу пункту ишке кирди.
Продукциянын сапатын жогорулатуу максатында 56 ишканада эл аралык сапат стандарттары киргизилди. Айыл жеринде кооперациялык кыймыл күч алып, учурда 821 айыл чарба кооперативи иштеп жатат, алардын 68и жаңы түзүлгөн.
Механизация багытында дыйкандарга олуттуу колдоо көрсөтүлдү. Лизинг аркылуу 9 079 даана айыл чарба техникасы берилген. Анын жалпы суммасы 25,2 млрд сомду түзөт. Ошондой эле республикада мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикти камтыган 186 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында айыл чарба тармагында жалпысынан 31 276 жумуш орду түзүлүп, анын 1 264ү жаңы жумуш орундар болду.
2025-жыл айыл чарба тарыхында кооперация, заманбап технологиялар жана туруктуу өнүгүү жылы катары өз ордун тапты.

