Садыр Жапаров 27-март күнү Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланды.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Россия ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки тараптуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле лидерлер кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча пикир алмашышты.


