Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Кыргызстанда жыл сайын уюштурулуп келген каржы сабаттуулук боюнча «Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026» маалыматтык жана билим берүү кампаниясы 30-марттан 3-апрелге чейин өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулуп, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.

Кампания финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле эл аралык жана коомдук институттар менен биргеликте өткөрүлөт. Анын алкагында коммерциялык банктарга экскурсиялар, билим берүүчү лекциялар, интерактивдүү жолугушуулар, сынактар жана башка тематикалык иш-чаралар уюштурулат.

Белгилей кетсек, Global Money Week — дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүп келген эл аралык демилге болуп саналат. Ал балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз