“Digital Qazaqstan – 2026” санарип форуму: келечек санариптик технологияларда

Бүгүн 27-мартта Шымкент шаарында “Digital Qazaqstan – 2026” эл аралык санарип форуму өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган кыргыз делегациясы катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматынан кабарлашты.

Форум башталар алдында Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана чакырылган делегациялардын жетекчилери биргеликте сүрөткө түшүп, андан соң санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышышты. Көргөзмөдө жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган заманбап технологиялык чечимдер сунушталды.

Пленардык сессияда сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев технологиялар бүгүнкү күндө адам жашоосун тездик менен өзгөртүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы чечимдер медицина, биология, физика жана химия тармактарында олуттуу ачылыштарды жаратып, келечекке болгон көз карашты өзгөртүүдө.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы резиденттеринин экспорттук активдүүлүгү өлкөнүн ички дүң продукциясынын болжол менен 1 пайызын түзөрүн айтып, бул экономиканын жаңы технологиялык пайдубалы калыптанып жатканын көрсөтөрүн белгиледи. Максат — 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 3 пайызга жеткирүү.

Министрлер Кабинетинин төрагасы жасалма интеллект бүгүнкү күндө бардык тармактарга кирип жатканын белгилеп, Кыргызстан бул багытта системалуу иштерди жүргүзүп жатканын айтты. Анын ичинде өлкөдө жасалма интеллект боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, активдүү иш алып барууда.

Мындан тышкары, ал аймакта суу ресурстарын башкаруу, экологиялык коопсуздук жана уулуу калдыктарды көзөмөлдөө сыяктуу маселелерде заманбап технологияларды колдонуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле жасалма интеллект доорунда улуттук тилдерди сактоо жана өнүктүрүү маанилүү экенин айтып, кыргыз тили үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуу демилгелерин сунуштады.

Форумдун жүрүшүндө санариптик майнинг, криптобиржалар, киберкоопсуздук, билим берүү жана инновациялар сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн, IT-компаниялардын, стартаптардын жана эл аралык эксперттердин өкүлдөрү катышты.

“Digital Qazaqstan – 2026” форуму санариптик технологияларды өнөр жайда, мамлекеттик башкарууда, социалдык кызматтарда жана билим берүүдө кеңири колдонууга, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган аянтча болуп калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз