Кыргызстанда 60 миңден ашуун адам ипотекалык батир алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу «Биринчи радио» менен маегинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мырзагүл Сардарбекова билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания бул жааттагы бирден-бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет жана калктын ишеними да жогору.
«Учурда өлкө боюнча 70 миңге жакын ипотекалык батир курулуп жатат. Биз сунуштаган үйлөр борборлоштурулган электр энергиясы, суу жана канализация системалары менен камсыздалган, көбү өз алдынча отканалар аркылуу жылытылат», — деди ал.
Сардарбекова ипотеканын үч түрү бар экенин кошумчалады: социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү.
Буга чейин мамлекеттик программа алкагында өлкө боюнча жалпы аянты 4 миллион чарчы метрди түзгөн 925 көп кабаттуу үй курулуп жатканы кабарланган.

