Бишкек шаарына Оман мамлекетинен 300гө жакын кыргызстандык жаран учуп келди.
Маалыматка ылайык, бул каттам Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана Кыргызстан аэропорттору ААК тарабынан уюштурулду.
Биринчи каттам менен 175 жаран, экинчи каттам менен 85 жаран өлкөгө кайтып келишти.
Каттамды ишке ашырган Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы мамлекеттик органдар менен макулдашуунун алкагында учуунун коопсуз аякташы үчүн бардык зарыл болгон уюштуруу жана ыкчам чараларды камсыз кылды.
Бул каттам чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды.


