Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан бир катар медициналык мекемелерди кыдырып, алардын абалы менен таанышты. Сапардын негизги максаты жаңы имараттардын курулушу жана медициналык мекемелерде жашаган материалдык-техникалык көйгөйлөрдү чечүү болду.
Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору
МинКаб Төрагасына борбордун жаңы, заманбап имаратынын курулуш долбоору тааныштырылды. Адылбек Касымалиев улуттун репродуктивдүү ден соолугун коргоо стратегиялык артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Тиешелүү министрликтерге долбоордук-сметалык документтерди тез арада бүтүрүү жана каржылоо булактарын аныктоо тапшырмасы берилди.
Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы
Текшерүү учурунда МинКаб Төрагасы жаңы тез жардам имаратынын курулушу кечигип жатканын сынга алды: «Саламаттыкты сактоо мекемелеринин, өзгөчө балдар мекемелеринин ишинин кечиктирилишине жол берилбейт. Бул биздин балдардын коопсуздугу жана өмүрү үчүн. Ушул жылдын июнь айына чейин курулуш толугу менен бүткөрүлүшү керек. Мен өзүм келип, иштин жүрүшү менен таанышам. Эгерде өз мөөнөтүндө бүткөрүлбөсө чара көрүлөт».
Объекттин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алуу Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевге тапшырылды. Ал курулуштун сапаты жана иштин темпине күн сайын көзөмөл жүргүзүшү керек.
Бишкек шаардык №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасы
Бул оорукананын бир катар блоктору 2022-жылы курулганына карабастан, медициналык жабдуулардын жетишсиздигинен ишке толук кире элек. МинКаб Төрагасы Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Финансы министрлигине апрель айына чейин бардык жабдууларды камсыздоо тапшырмасын берди.
Чүй облустук бириккен ооруканасы
Мекеме жылына 18 000ге чейин бейтаптарды кабыл алат, 6 000ге жакын операция жасалат жана 6 000ге чейин төрөт кабыл алынат. Адылбек Касымалиев оорукананын бардык кызматтарын заманбап медициналык кластерге бириктирүү үчүн жаңы имарат куруу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берди.
Сапардын жыйынтыгында тиешелүү ведомстволорго жана Бишкек шаарынын мэриясына медициналык объекттердеги көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо боюнча тапшырмалар берилди.

