Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспортун кеңейтип, чет өлкөлүк рыноктор менен кызматташтыкты күчөтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдөн бир катар айыл чарба өсүмдүктөрү Россия, Япония, Кытай жана Өзбекстан мамлекеттерине экспорттолгон.
Атап айтканда:
- Россияга 40 тонна жасмыктын үрөнү жөнөтүлгөн;
- Япония “Лагенария” сортундагы ашкабактын 1500 тонна үрөнүн сатып алган;
- Кытайга 23 тонна көлөмүндө кургатылган кара өрүктүн алгачкы партиясы жеткирилген;
- Өзбекстанга сыноо үчүн “Октябрьская 70” гибрид жүгөрүсү жөнөтүлгөн.
Министрликтин маалыматына ылайык, айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго чыгарууну кеңейтүү кыргыз товарларын дүйнөлүк рынокко илгерилетүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Сапаттуу үрөндөрдү жана кайра иштетилген продукцияны экспорттоо жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн позициясын бекемдеп, дыйкандардын кирешесин жогорулатууга жардам берет.
Министрлик мындан ары эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу кыргызстандык продукциялар үчүн жаңы рыноктор ачыларына ишеним артат. Экспорттун өсүшү агрардык секторду колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн да маанилүү фактор катары каралууда.


