Азербайжан бийлигинин маалыматына ылайык, үч ирандык учкучсуз учуучу аппарат Нахичевань шаарындагы аэропорттун жүргүнчүлөр терминалына сокку урду. Бул тууралуу Euronews агенттиги билдирди.
Окуя болгон жерден тартылган видеолордо дрондордун аэропорт тарапка учуп баратканы, негизги терминалдын жабыркаганы жана окуя болгон жерде тез жардам кызматкерлери иштеп жатканы көрүнөт.
Дагы бир видеодо учкучсуз аппарат аэропорттун имаратына урунуп, андан кийин катуу жарылуу болуп, асманга коюу түтүн көтөрүлгөнү байкалат.
Окуянын кесепеттери жана жабыркагандар тууралуу расмий маалыматтар тактала элек.


