Министр Ноокаттагы логистикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты

0
1943

Эрлист Акунбеков — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Ачы айылында жайгашкан “Азиз-Ата” ЖЧКсы курган айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, аталган объект 2,42 гектар муниципалдык жер аянтына курулуп, анын жалпы сметалык баасы 21 миллион сомду түзөт. Логистикалык борбордун сактоо сыйымдуулугу 600 тоннаны түзүп, ал дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын сактоого багытталган.

Учурда борбордо жергиликтүү дыйкандар өндүргөн өрүк жана сабиз сакталууда. Бул логистикалык борбор айыл чарба продукцияларын узак мөөнөткө сапатын жоготпой сактоого жана рынокко туруктуу жеткирүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, ишкана Түркия жана башка мамлекеттер менен келишимдердин негизинде кызматташып, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу багытында да иш алып барууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз