2024-жылы журналистика жана медиа тармагында эмгектенген кызматкерлерди шыктандыруу максатында Президенттин “Мейкин” сыйлыгы уюштурулуп, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөн.
Бул демилгени колдоого алгандан кийин, сыйлыкты тапшыруу тартиби жана номинациялар боюнча журналисттердин катышуусунда кеңешме өткөрүлгөн. Жыйында калыстар тобу түзүлүп, аларга сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо милдети жүктөлгөн.
Учурда кезектеги “Мейкин” сыйлыгын өткөрүү боюнча кезектеги кеңешме уюштурулууда. Кеңешмеге медиа өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катыша алышат.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы сунуштар талкууланып, ошондой эле калыстар тобунун курамы кайрадан каралат. Буга чейин түзүлгөн калыстар тобунун айрым мүчөлөрү Кыргызстандан көчүп кеткенине же башка жумуштарга которулганына байланыштуу алардын курамын жаңылоо зарылдыгы жаралган.
Кеңешме 2026-жылдын 6-мартында саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде өтөт.
Жыйынга катышуу үчүн төмөнкү номерлер аркылуу катталсаңыздар болот:
📞 0557 56 56 91
📞 0557 08 20 21

