Бишкекте ишкерлер ЭСФ жана ЭТТН системасын кайра кароону сунуштоодо

Бишкек шаарында өткөн тегерек столдун алкагында жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан сунушталган электрондук эсеп-фактуралар (ЭСФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН) системасын киргизүү мөөнөттөрүн кайра карап чыгууга чакырышты.

Ишкерлер жаңы гибрид документ эки системанын тең техникалык кемчиликтерин камтып калганын белгилешип, аны ишке киргизүү учурдагы экономикалык шартта кошумча чыгымдарды талап кылышы мүмкүн экенин билдиришти.

Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Гульнара Ускенбаева пилоттук долбоор айрыкча агроиштетүү тармагына кошумча жүк жаратарын айтты. Анын айтымында, өндүрүүчүлөр чийки затты жана даяр продукцияны өз-өзүнчө каттоого мажбур болуп жатышат.

Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрү товарлар каталогун толтуруудагы кечигүүлөр жүктөрдү жөнөтүүнү жайлатып, айып пул коркунучун жаратып жатканын белгилешти.

Гульнара Ускенбаева долбоордун каржылык тобокелдиктерине токтолуп, жаңы системаны киргизүү ири, орто жана чакан бизнес үчүн кошумча чыгымдарды жаратарын, бул өз кезегинде керектөөчүлөргө да таасир этерин белгиледи.

Өз кезегинде Мамлекеттик салык кызматы жаңы система процедураларды жөнөкөйлөтүүгө багытталганын билдирди. Анын алкагында салык төлөөчүлөр үчүн “бирдиктүү кирүү” механизми киргизилип, каттоодо автоматтык түрдө виртуалдык кампа түзүлөт.

Мекеменин маалыматына ылайык, “бир төлөөчү — бир кампа” принциби ЕАЭБ талаптарына ылайык товарлардын ачык-айкын көзөмөлүн камсыздайт. Ошондой эле документтерди товар жеткирилгенден кийин 15 жумуш күндүн ичинде тариздөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары, бухгалтердик жана салыктык эсеп үчүн API-интеграция жана топтук жүктөө функциялары иштелип чыгууда.

Салык кызматы кошумча чыгымдар болбойт деп ишендиргенине карабастан, ишкерлер пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартууну сунушташууда. Айрыкча көп кампалуу ири компаниялар үчүн бирдиктүү виртуалдык кампа механизминин ыңгайсыздыгы негизги көйгөй бойдон калууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз