Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Илхам Алиев менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Илхам Алиев менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президенттеринин экинчи жыйынын алкагында өттү.

Анда минкаб башчысы Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан Азербайжан менен бир туугандыкка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору баалай турганын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар