Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” чыгармачыл жана улуттук интеллигенциясынын улуттук форумунда сүйлөгөн сөзүн айрым кыскартуулар менен жарыяладык.
Учурдун күрөө тамырын кармай турган болсок, удулу келген иштердин урунттуу жерлерин аңдай албай, мамлекеттик маанидеги маданий маселелер ишке ашпай калуу тобокелдиги бар экенин туюп, бабаларыбыздын “Илимдүүгө дүйнө жарык” деген накыл кебин тутунуп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгына ылайык, “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” ураанынын алдында чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын форумун уюштурууну демилгелеп чыктык.
Бүгүнкү күндө биз “кыргыз ренессансын жаратабыз” деп ураан чакырып келебиз. Мындай ураан чакыруунун кандай себеби же кандай актуалдуулугу бар? Же бир гана экономиканы көтөрүү менен алдыга жылуу деген максат менен кете берсек болбойт беле? Каражат болсо баары болот деген менен маданият түшүнүгүнө зор маани берген коңшу мамлекеттердин басыгына көңүл буруп көрөлүчү.
Улуу Кытай кайра жаралуунун улуу доорунда кетип баратса, боордош Казакстанда руханий жаңылануу процесси ыкчам темп менен бараткан маалы. Ал эми дагы бир боордошубуз өзбекстан болсо 3-реннесанстын агымында. Тажикстанда болсо башаты Авестадан өнүп чыккан улуу цивилизацияны жаңы бийиктикке алып чыгуу ниетин көздөшүүдө. Эми экономикасын өнүктүрүү менен катар мына ушундай улуу максаттардын артынан сая түшкөн коңшуларыбыздын курчоосунда турган Кыргызстанда кыргыз ренессансын жаратуу мүмкүнчүлүгү барбы деген намыс козгой турган мыйзамдуу суроо туулат. Мен бизде андай мүмкүнчүлүк бар деп толук ишеним менен айтаар элем.
Биз ар дайым кечээги өткөн чагыбызга сереп салып, андан сабак алып, анан алдыга умтулганыбызда гана жаңылбайбыз деп ойлойм. Эң эле жөнөкөй мисалга токтогум келип турат. Береги сүрөттө кезинде Токмоктогу балдар үйүндө жылаңайлак, өкмөт тараткан жалаңкат көйнөкчөн, курсактары чала тоют балдарды көрүп турасыздар. Үркүндө ата-энелеринен, жакындарынан ажырап, Кеңеш өкмөтү уюштурган жетимдер үйүнө корголоп келишкен балдар. Мына ушул өжөр, демдүү, чыгаан кыргыз балдары топтошуп турганын карагылачы! Балким “Таланттар үйүрү менен төрөлөт” деген ушул бейм. Дал ушул кара тоголок балдар, ушул балдардын мууну тарыхый жоопкерчиликти абийирдүүлүк менен көтөрүп, Кыргызстандын урматына жан-дилден кызмат өтөшкөндүгүн, Ата-Журттун өөрчүп-өнүгүшүн мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикке жеткиришкендигин эсибизден чыгарууга эч акыбыз жок. Алардын арасынан Алыкул Осмонов, Абдрасул Токтомушев, Болот Мамбетов, Болот Юнусалиев, Баян Аламанов, Саткын Сасыкбаев жана башкалар сыяктуу кандай гана залкар адамдар чыккандыгын жакшы билесиздер. Мына ушундай аталарыбыз Кара-Кыргыз автоном облусун түптөп чыгышкан, мына ушул инсандар кыргыз ренессансын жаратышкан. Алар “түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыздын” улуу үлгүсүн көрсөтүшкөн.
Ал эми айтматовдук философиялык-көркөм мазмундун кириши менен дүйнөлүк адабият толукталып, бийик деңгээлге чыккандыгын эске алганыбызда кыргыздан чыккан залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун эффектиси башка өлкөлөргө, дүйнөлүк ойчулдарга да таасир эткени белгилүү.
Ч.Айтматов 50-жылдардын акыры 60-жылдардын башында адабиятка келген муунга “жаңы адабияттык генерация” деп аныктама берип, алардын чыгармачылыгын улуттук традициянын дүйнөлүк маданият менен татаал айкалыш процессинде өнүгүп жаткандыгын таасын белгилеп өткөн. Чыңгыз Айтматовдун жаңы сапаттагы адабий ойлому, дүйнө туюму, эстетикалык табити, көркөм чеберчилиги — улуттук адабияттын салттарын, дүйнөлүк адабияттын бай салттарын жуурулуштура өздөштүрдү да оргиналдуу чыгармаларын жаратуу менен аларды байытты, жаңыртты, жаңы бийиктикке көтөрдү.
Айтматов жашап өткөн мезгил – Айтматов доору болуп калды. Чыңгыз Айтматов опера, кино, театр жана башка искусствонун бардык тармактарына таасир этти. Мунун өзү “айтматовдук эффекти” дегенди билдирет.
Кечээги тарыхыбызда Кыргызстан кино тармагында “кыргыз керемети” дүйнөгө даңкталганы, сүрөт өнөрү боюнча Третяков галереясы баштаган дүйнөлүк сүрөт музейлеринде азыр да биздин сүрөтчүлөрдүн жараткан эмгектери илинип тургандыгы, Италиянын атактуу “Ла Скала” театрында кыргыз уулунун үнү жаңырганы, ошону менен бирге “планетардык жазуучу” деген атак-даңкка жеткен уул-кыздары менен бүгүнкү күнгө чейин дүйнөгө таанылып келебиз.
Биздин маданиятыбыздын тарыхында дүйнөлүк бийиктик Болот Миңжылкиевдин аты менен тыгыз байланыштуу. Улуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун минтип айтканы бар: “Эгерде 500 жылдан кийин же 1000 жылдан кийин кимдир бирөөлөр 20-кылымдагы кыргызды эстегиси келсе, сөзсүз Болот Миңжылкиевди эстейт”. Бул анын дүйнөлүк деңгээлдеги баасы-баркы.
Ал эми атактуу актер, спортчу, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу Жапониянын режиссеру Акира Куросаванын “Эгер ага самурайлардын сооттолгон кийимин кийгизип, колуна кылычын берсек, андан самурайлардын мыкты башчысы чыкмак” дегенин эле мисалга тартсак жетиштүү деп ойлойм.
1980-жылдардын экинчи жарымында Бүткүл союздук жаштар көргөзмөсүндө кыргыз сүрөтчүлөрү: Талант Огобаев, Жылкычы Жакыпов, Юристанбек Шыгаев, Эмил Токталиевдердин жараткан эмгектери жөн гана кызыгууну жаратпастан, чоң толкундоолор менен жогору баалангандыгына токтоло кетейин. Белгилүү искусство сынчысы, Дүйнөлүк арт-критиктер ассоциациясынын вице-президенти Александр Ильич Морозов: «Кыргыз живописинде укмуштуудай табылгалар болуп жатат. Кечээги тарыхта да, азыркы заманда да бул көркөм өнөр тармагында адамдын жан дүйнөсүн ачып берүүдө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына теңдеше турган эч нерсе жок деп ойлоп келгенбиз. Мына эми көркөм өнөрдө талант жагынан Айтматовго теңдеше турган жаш сүрөтчүлөр чыгып жатканына күбө болуп жатабыз» деген экен. Ал мындай баасы менен Ташкентте өткөн Биринчи Борбор Азия биенналесинде эл аралык деңгээлдеги үч гана сүрөтчүнү: Огобаевди, Жакыповду жана Токталиевди атаган.
26 жашында азыркы Тарых музейинин имаратын долбоорлогон Советбек Абышевди көпчүлүк элибиз биле бербесе керек. Анын дагы бир эмгеги — азыркы кезде Бишкек шаарыбыздын «СовМин» деп аталган чөлкөмдөгү турак жайдын имараты.
Ошол имараттын долбоорун италиялык архитектура изилдөөчүлөр Роберто Конте менен Стефано Пажеро Борбор Азия республикаларындагы эң мыкты делген 50 долбоордун ичине киргизишкен. Советбек Абышев агайдын бул эмгегин кезинде атактуу архитектор-эксперттер Е. Асс менен А.Родионов да баса белгилшкен: «Его архитектура столь же пассионарное явление, что и тексты Чингиза Айтматова!», «…естественно возникает аналогия с работами Унгерса или Айзмана» деген баалары «Архитектура СССР» журналында бадырайып жазылып турат.
Биз сөз кылган жогорудагы үйдүн макети болсо Венадагы архитектура музейинде советтик постмодернизмдин шедеври катары сакталууда!
Жогорудагы кыргыз ренессансынын эпкини уланып жатты, азыр да уланууда. Оор уйкудан кийин алгач кино дүйнөсү ойгонду. Актан Арым Кубаттын “Беш кемпир”, “Маймыл”, Бакыт Карагуловдун “Бороондуу бекет” тасмалары кайрадан кыргыз киносун жандандырды. Контрасттуу политра менен тартылган Эрнест Абдыжапаровдун кинолору, барар багытыбызды аңдап алууну сунуштап, коомдук психологияны ачып берген Темир Бирназаровдун тасмалары, өз күйөрмандарын тапкан Нурбек Эгендин кинолору, руханий жакырдануунун кесепеттерин ачып берип, миграциянын жан кейиткен жактарын көрсөткөн Руслан Акундун тасмалары өткөөл мезгилдеги кино таңсыктыгына кайсы бир деңгээлде огожо болуп келатат деп ойлойбуз.
Ошол эле маалда биз дүйнө жүзүндө беш миңден ашуун киносыйлык бар, алар деңгээлине жараша класс-класстарга бөлүнөт Мына ошол “А” класстагы кинофестивалда алгачкы жолу кинорежиссер Темир Бирназаров, андан кийин Актан Арым Кубат байге алгандыгын айта кетейин.
Мындай жигердүү темп бүгүн да уланууда. Ушул күндөрдө Бишкек, Уфа, Ташкент, Астана, Санкт-Петербург, ж.б. КМШ өлкөлөрү боюнча жүрүп жаткан «Карыпбаев фестивалын» сыймыктануу менен тартынбай кыргыз режиссеру Уланмырза Карыпбаевдин доору деп баалоого эмнеге болбосун!
Ал эми ИЛИМ жаатында учурунда ири ийгиликтер болгон. Азыр да жок эмес. Бүгүнкү күндө кеңири аудиторияга белгилүү эмес, бирок ааламдык атак артынып жүргөн жаш илимпоздорубуз бар. Маселен, буга чейин Кембридж, Оксфорд жана Бат университеттеринде иштеп келген Асель Сартбаева кызыбыз – вакцинаны жеткирип-ташууда кымбат жана татаал ыкма талап кылбаган инновациялык жол ойлоп тапкан илимпоз. Анын новатордук илимий иши дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууга жана вакциналардын баасын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле тарых изилдөөчүлөрүбүз жаңы булактар, жаңы табылгалар менен толуктоо аркылуу кыргыз тарыхынын 15 томдугун чыгаруу алдында тургандыгын кошумчалай кетейин.
Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда илимпоздор өздөрүнүн дараметин көрсөтүүлөрү зарыл. Бүгүнкү күндүн талабы дал ушундай! Өлкө жетекчилиги талантуу чыгармачыл жаштарыбыз менен илимпоздорубузду ар тараптан колдоо өзгөчө маанилүү берип жатат.
Гранттык программаларды көбөйтүү, чыгармачыл жана илимий борборлорду түзүү, заманбап платформаларды колдонуу — булар биздин келечекке болгон инвестициябыз. Ошондой эле, мамлекеттик жана коомдук колдоону күчөтүү зарыл. Биздин негизги байлыгыбыз болгон жаштар өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.
Бүгүнкү күндө жаш муун өкүлдөрү илим, музыка, театр, кино, адабият, фотография, санариптик искусство, видео өндүрүш, блог жүргүзүү жаатында өз оюн билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү издешет.
Мамлекет алардын идеяларын, демилгелерин, чыгармачыл лабораторияларын, студияларын, конкурстарын жана эл аралык программаларын колдоого алат. Биздин максат – ар бир талантты өстүрүүгө шарт түзүү, алардын ресурстардын же инфраструктуранын жетишсиздигинен улам аксатып албоону камсыздоо.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүн дүйнөдө илимий-популярдуу контент, креативдүү индустрия, маданий инновациялар чоң роль ойноодо. Ошондуктан жаштарыбызга, илим-билимге шарт түзүү – биздин эң негизги милдетибиз. Гранттар, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, чыгармачыл аянтчалар – булар келечекке салынган инвестиция.
Ал эми чыгармачыл союздар менен илимий интеллигенциянын милдети – көркөм мазмунду сактоо, сапаттуу контент түзүү, жаштарга багыт берүү.
Бүгүн дүйнөдө креативдүү индустрия – экономиканын маанилүү бөлүгүнө айланды. Маданият, кино, музыка, дизайн – булар жөн гана искусство эмес, бул – өнүгүүнүн драйвери дегибиз келет.
Кыргызстан да бул багытта чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Бизде уникалдуу маданий код, бай тарых, күчтүү адабияттын мол тажрыйбасы бар. Эгер биз илим менен чыгармачылыкты бириктире алсак – жаңы “кыргыз кереметин” жарата алабыз.
Кайра жаралууну кут тутуп, аны бапестеп багып, улуттук деңгээлде өнүктүрүп, бүтүндөй бир мамлекеттин маданияты катары массалык түрдө тарап жаткан маданияттар тууралуу да сөз кылууга арзыйт. Маселен, Корей маданияты учурда дүйнөнү каптап, корей өнөр жайы, корей медицинасы, корей поп-музыкасы дүйнөнү дүң кылып жатканына баарыбыз күбөбүз.
Бүгүн дүйнөнү суктанткан корей эли илимий-техникалык секирик менен маданий революцияны кантип жасоодо:
жаш окумуштууларга жана чыгармачыл инсандарга колдоону күчөттү;
илимий-чыгармачыл борборлорду түзүштү;
эл аралык кызматташтык кеңейтилди;
санарип маданиятын өнүктүрүштү.
Демек, бизге да эң негизгиси муундар ортосундагы байланышты түзүп, эл аралык үлгүлүү моделдерди өз кыртышыбызга сиңирүүбүз керек. Тажрыйба менен энергия бириккенде гана чоң натыйжа болот.
Бүгүнкү санарип доорунда атаандаштык күчтүү. Идеялар, маданият, маалымат — баары глобалдык мейкиндикте жарышууда. Бул шартта биз төмөнкү үч суроого жооп беришибиз керек:
Мазмун боюнча биз дүйнөгө эмне сунуштай алабыз?
Биздин маданияттын уникалдуулугу эмнеде?
Сапат боюнча биз жараткан продукт дүйнөлүк деңгээлге жооп береби?
Жогоруда кеп кылган кыргыз маданиятынын тарыхы бизге бир нерсени далилдейт. Бизде потенциал бар, рухий мурас бар, бизде дем бар. Демек, бизде келечек да бар. Биз ошол үч таянычты сактап, өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Улуу философ Аристотелдин “Мамлекеттин тагдыры – анын жарандарынын аң-сезимине жараша болот” деген нуска кебиндей, биздин алдыбызда аң-сезимдүү коом өстүрүү милдети курч турат.
Бүгүн биз конкреттүү бир суроого жооп беришибиз керек: Жаңы “кыргыз кереметин” — кыргыз ренессансын жарата алабызбы?
Албетте, жарата алабыз. Ал үчүн бүгүнтөн, азыртан тарта сөздөн ишке өтүүбүз кажет. Бизде өнөр менен илим индустриясы стратегиялык ресурска айланышы керек. Кыргыздын маданий жана илимий продукциясы жогорку талаптарга жооп берип, элибизди дүйнөлүк стандарттарга, дүйнөлүк бийиктиктерге жакындатууга тийиш! Илимпоздордун ар бир эмгеги, сүрөтчүлөрдүн ар бир сүрөтү, театрлардын ар бир спектакли, архитекторлордун ар бир чиймеси, жазуучунун ар бир китеби бизди дүйнөлүк бийиктиктерге жетелеши абзел!

