Башкы беткеМаанилүүӨспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Өспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-17) Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өткөн Азия чемпионатында 2 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, командалык эсепте Кыргызстан 168 упай менен 3-орунду ээледи.

Алтын медаль ээлери:
51 кг Ислам Курбанов;
55 кг Алихан Абдрасулов;

Күмүш медаль ээлери:
60 кг Эмир Эмилов;
65 кг Нурбек Жумабаев;
71 кг Кубаныч Анарбеков;

Коло медаль ээлери:
45 кг Байгелди Өмүрбеков;
92 кг Санжар Сталбеков;

Тактай кетсек, курама команда улук машыктыруучу Дастан Мухтаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар