whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМалайзия Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташат

Малайзия Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташат

Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Энергетика министрлиги менен малайзиялык CitaGlobal Berhad компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев жана CitaGlobal Berhad компаниясынын президенти Доктор Мохамад Норза Закария кол койду.

Мындан тышкары, энергетика министри дүйнөлүк энергетика рыногунда алдыңкы орду бар PETRONAS мунай-газ корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуу PETRONAS`тын башкы кеңсесинде өттү.

Министр Малайзия менен диалогдун маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын энергетика тармагындагы эл аралык кызматташууга ачыктыгын баса белгиледи. Ал Кыргызстандын энергетикалык потенциалы жана инвестициялардын келечектүү багыттары боюнча баяндама жасады.

Ал эми Лоу Киан Мин туруктуу жана аз көмүртектүү энергия чечимдерине адистешкен PETRONAS`тын туунду компаниясы Gentari компаниясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Өз кезегинде министр «Кыргыз Республикасындагы жашыл энергетика чөйрөсүндөгү перспективдүү долбоорлор» темасында өзүнчө презентация кылып, анда суутек энергетикасын өнүктүрүү, электр заряддоо станцияларынын тармагын кеңейтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу пландары тууралуу айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө кыргыз-малайзиялык кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар