2025-2026-окуу жылында мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу агартуучу министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Министр колдоо чечими үчүн президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиевге агартуучулардын атынан ыраазычылык билдирди.
«Акыркы жылдары билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мамлекеттик деңгээлде олуттуу колдоолор жүрүп жатат. Ошондой эле райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн, облусттук мугалимдерди өнүктүрүү борборлорун автотранспорт менен камсыз кылуу маселеси чечилүүнүн алдында. Бул системалык колдоо бизди шыктандырат жана эмгекке болгон мамилебизди, жоопкерчиликти жогорулатат.
Урматтуу кесиптештер, бизге күчтүү жана жаратмандардын келишин күтөбүз. Окуу жыл ичинде орун жок калса таарынбай эле коюңуздар.
Азыртадан ойлонгула. Айлыктын суммасын айтпай эле коеюн, ал “секрет”. Бул колдоо мыкты агартуучулардын келишине жана жаратмандыкка жол ачат.
Эми, агартуучунун баркы жогорулап, орун талашкандар көбөйүп, биз келечек муундарга мыкты билим тартуулоо кудуретине ээ болобуз. Агартуучу — ардактуу, асыл кесип.
Билим уясында кокустан, адашып келгендер иштебеши керек. Балага жан дүйнөсүн арнап, билим берген мугалимдер көбөйсүн.
Агартуучунун эмгегин баалаган, барктаган доор келди», — деди Догдуркүл Кендирбаева.