Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБолгарияда миңдеген жарандар бюджет долбооруна каршы митинге чыкты

Болгарияда миңдеген жарандар бюджет долбооруна каршы митинге чыкты

Болгарияда он миңдеген адамдар 2026-жылга карата сунушталган мамлекеттик бюджет долбооруна жана өлкөдөгү коррупцияга каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Эң ири митинг борбор шаары Софияда өтүп, ага негизинен жаштар катышты.

Нааразычылар марш менен өлкөдөгү негизги бийлик партияларынын штаб-квартираларына чейин барышты. Акция негизинен тынч өткөнү менен, беткапчан айрым адамдар полиция менен кагылышып, 10 киши кармалды.

Өткөн жумада өкмөт салыкты көтөрүү планы коомчулукта катуу сынга алынгандан кийин бюджет долбоорун кайра карап чыгаарын билдирген. Каршылаш тарап бул өзгөртүүлөр өлкөдөгү баалардын өсүшүнө жана экономикадагы кризистин тереңдешине алып келет деп кооптонууда.

Болгария — Европадагы эң жакыр мамлекеттердин бири. Өлкө келерки жылдын башында еврого өтүүгө даярданып жатат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар