Башкы беткеРубрикаларАймактарДостук айылынан Бужумга көчүрүлгөн элге үй салына баштады

Достук айылынан Бужумга көчүрүлгөн элге үй салына баштады

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев айыл эли менен жолугуп, турак жай комплексинин курулушуна старт бергенин облустук администрациядан кабарлашты.

Достук айылынын эли Баткен шаары менен чектешкен Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүлмөй болгон. Облустук администрация ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер берилип, жалпысынан 3 бөлмөлүү 179 үй куруларын кабарлады. Курулуш иштерин күзгө чейин бүтүрүү пландалган.

Айрым тилкелер алмашуу жолу менен чечилди. Бул оңой чечим болгон жок, ар бир метр жер үчүн дыкат сүйлөшүүлөр жүрдү. Мамлекеттин кызыкчылыгы, чек арада жашаган элибиздин коопсуздугу биринчи орунда турду.
Сиздер бул чечимди туура кабыл алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.

Буга чейин Баткендин губернатору айыл тургундарына 30 сотыхдан жер берилерин айткан. 10 сотых жерге үй салынса, 10 сотых жер келечекте үй салууга жана Кызыл-Бел айылынан 10 сотых жер айыл чарба багытына берилет.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар