Башкы беткеМаанилүүКытай Кыргызстанга Аксу – Бедел – Балыкчы темир жолун салууну сунуштады

Кытай Кыргызстанга Аксу – Бедел – Балыкчы темир жолун салууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Аксу аймагынын губернатору Адили Али  баштаган делегация менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, «Бедел» өткөрмө бекетинин инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкуулаган.

Адили Али Аксу – Бедел – Балыкчы  темир жолун салуу демилгесин көтөргөн.

Эскерте кетсек, «Бедел» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан.

Буга чейин Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» жолун салуу пландалып жатканы кабарланган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар