Кыргызстан менен Пакистан айыл чарба боюнча кызматташууну күчөтүүдө

0
2760

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын айыл чарба, соода жана адал өнөр жайы тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз айыл чарба продукциясын, анын ичинде буурчакты, Пакистан рыногуна жеткирүү жана кайра иштетүү жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Пакистандык тарап сүт өндүрүшү боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирип, айыл чарба жана токой чарбасы боюнча кыска жана узак мөөнөттүү окуу программаларын сунуштады. Ошондой эле бал жана кургатылган жемиштер соодасын өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Практикалык иштерди ылдамдатуу максатында тараптар байланыштуу кызматкерлерди дайындап, техникалык эксперттерден турган биргелешкен жумушчу топ түзүүгө жана профилдик консультацияларды улантууга макулдашты. Бул чаралар кызматташтыкты координациялоону жеңилдетип, аны практикалык деңгээлге чыгарууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз