Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын «Өнүктүрүү стратегиясы» борборунун аткаруучу директору Элдор Туляков менен жолугушуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар ишенимге, өз ара урматтоого жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилешти.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан стратегиялык реформаларды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн аналитикалык жана изилдөө борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү, транспорттук байланыштарды жакшыртуу, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү багытында биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууда аналитикалык борборлордун потенциалын активдүү пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.

