whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКТМУда “Бейпилдик алып келген энелер күнү” аттуу иш-чара өттү

КТМУда “Бейпилдик алып келген энелер күнү” аттуу иш-чара өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Энелер күнүнө карата “Бейпилдик алып келген энелер күнү” аттуу иш-чара өткөрүлүп, ага “Үмүт” карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн муниципалдык социалдык стационардык мекемеден улуу муундун өкүлдөрү чакырылды.

Маалыматка ылайык, иш-чара университеттин социалдык курулуштар имаратында өтүп, муундар аралык карым-катнашты чыңдоого жана улуу муундун коомдук турмушка аралашуусун колдоого багытталды.

Жолугушууга КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев, факультет декандары, окутуучулар жана студенттер катышты. Ошондой эле “Үмүт” мекемесинин өкүлү, психолог Канымбү Исмаилова дагы конок катары чакырылды.

Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн ректор Алпаслан Жейлан университетти билим берүүчү мекеме эле эмес, чоң үй-бүлө катары мүнөздөп, улуу муундун тажрыйбасы жаштарга багыт көрсөтөрүн белгиледи. Ал эми проректор Алмаз Ибраев энелердин жана улуу муундун коомдогу маанилүү ролуна токтолуп, мындай жолугушуулар тарбиялык баалуулуктарды сактоого көмөктөшөрүн айтты.

Коммуникация факультетинин деканы, доцент Угур Унал өз сөзүндө коом баалуулуктарын коргой билиши керектигин эскертип, улуу муундун турмуштук сабактары коом үчүн маанилүү экенин белгиледи. Психолог Канымбү Исмаилова иш-чара карылар үчүн майрамдык маанай тартуулаганын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Кечки концерттик программада “Түрк дүйнөсү” оркестринин аткаруусундагы обондор конокторду өткөн күндөргө жетелеп, жүрөк толкуткан учурларга себеп болду. Айрым коноктор аткаруучулар менен кошулуп ырдап, сезимдерин жашыра алган жок.

Бул иш-чара КТМУнун коомдук жоопкерчиликке маани берерин көрсөтүп, окуу жайдын академиялык жетишкендиктери менен катар коомго болгон мамилесин дагы бир ирет баса белгиледи. Университет жетекчилиги мындай жолугушууларды келечекте кеңири форматта улантуу ниетин билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар