Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 2024-жылдын алгачкы беш айында 175 кыргызстандык жаранга жалпы 15,7 миллион рубль өлчөмүндөгү эмгек акысын кайтарып алууга көмөктөштү. Бул тууралуу аталган министрлик маалымат таратты.
Мекеменин маалыматына ылайык, өкүлчүлүк адистери иш берүүчүлөр менен бетме-бет жолугушууларды жана расмий кат жазышууларды жүргүзгөн. Мындан тышкары, өндүрүштүк кырсыктан жабыркаган 6 жаран 6,2 миллион рубль компенсация алышкан.
Январь–май айларында өкүлчүлүк жалпы 12 миңден ашуун жаранга кеңеш берип, 20 кыргызстандыкка соттук арыздарды даярдоодо жардам көрсөткөн. Ошондой эле ата-энесиз калган 3 жашы жете элек бала Кыргызстанга кайтарылган.
Министрлик Орусиядагы өкүлчүлүк күнү-түнү иштеп жатканын, жардамдар онлайн жана бетме-бет форматта көрсөтүлөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Москвадагы “Крокус Сити Холл” концерт залындагы окуядан кийин Орусияда мигранттарга карата көзөмөл күчөгөн. Миграция мыйзамдары катаалданып, «кара тизмеге» кирген чет элдиктердин саны арткан.
Орусиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, февралдын башында 685 миңге жакын чет өлкөлүк жаран «көзөмөлгө алынгандар» реестрине кирген. Алардын ичинен 85 миңге чукул кыргызстандык болгону айтылган, май айына карата бул көрсөткүч 70 миңге түшкөн.
Мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн укуктук статусун мыйзамдаштыруу мөөнөтү Орусия президентинин жарлыгы менен сентябрга чейин узартылган.