2026-жылдын 25-мартында Ынтымак Ордо резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Европа комиссиясынын өкүлү Питер Соренсен менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын авиакомпанияларын Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселеси негизги тема болду. Иш-чарага ошондой эле Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло катышты.
Адылбек Касымалиев Европа Биримдиги менен кызматташуу Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, авиациялык коопсуздук жаатындагы европалык институттардын жогорку профессионалдуулугун баса белгиледи.
Өз кезегинде, Садыр Жапаров тарабынан Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин түзүлүшү тармактагы реформаларга өбөлгө болгону айтылды. Натыйжада мамлекеттик жөнгө салуу системасы жаңыланып, көзөмөл күчөтүлүп, Эл аралык жарандык авиация уюму стандарттары ийгиликтүү киргизиле баштаган.
Акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр да оң динамиканы көрсөтүүдө. Жүргүнчүлөрдүн агымы 2021-жылдагы 3,9 миллион адамдан 2025-жылы 6 миллиондон ашты. Каттамдардын саны 34 миңден 52 миңге чейин көбөйүп, өлкөнүн бардык 11 аэропорту модернизацияланды.
Мындан тышкары, Кыргызстан узак аралыктагы каттамдарды өнүктүрүп, Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учакты сатып алды. 2030-жылга чейин дагы 10 аба кемесин лизингге алуу пландалууда.
Питер Соренсен Кыргызстандын жетишкендиктерин жогору баалап, мыйзамдык жана ченемдик базаны өркүндөтүү боюнча жасалган иштерди оң баалады. Анын айтымында, учурдагы сапар баалоо процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат, ал эми акыркы чечим 2026-жылдын май айында кабыл алынат.
Жыйынтыгында, Адылбек Касымалиев Кыргызстан авиация тармагын мындан ары да өнүктүрүүнү улантарын белгилеп, Европа Биримдиги тарабынан оң чечим кабыл алынышы өлкөнүн авиациясы жана экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдирди.

