whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом24–25-апрелде Кыргызстанда “Глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясы өтөт

24–25-апрелде Кыргызстанда “Глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясы өтөт

Президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында өткөн «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумуна катышып, соңку жылдары климаттын өзгөрүү көйгөйү байма-бай, анын ичинде БУУнун жогорку трибунасында жана Климаттын өзгөрүшү боюнча саммиттерде көтөрүлүп жатканын, бирок кырдаал кескин өзгөрбөгөнүн баса белгиледи.

Бул контекстте ал мамлекеттер согуштарга жана жаңжалдарга миллиарддаган жана триллиондогон долларларды жумшарын, ал эми климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө жана курчап турган чөйрөнү коргоого салыштырмалуу азыраак акча бөлүнөрүн баса көрсөткөн С.Жапаров төмөнкүлөрдү сунуштады:

Климаттык каржылоону баарынан мурда климаттын өзгөрүшүн жумшартуу, ага ыңгайлашуу жана жашыл өтүүнү камсыз кылуу үчүн өз ресурстары, технологиялары жана каржысы жок эң аялуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн муктаждыктарын жана артыкчылыктарын канааттандырууга багыттоо;

Климат боюнча глобалдык демилгелерди кароодо чакан арал мамлекеттеринин жана начар өнүккөн өлкөлөрдүн гана эмес, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу болгон тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу;

Климаттык каржылоо жагынан да, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү маселелеринде да Борбор Азия өлкөлөрүн колдоого европалык өнөктөштөрдүн катышуусун күчөтүү;

Кыргызстандын тышкы карызды климатка жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго алмашуу демилгесин колдоо, аны ишке ашырууга Европа бирлиги буга чейин эле кошулган.

Мамлекет башчысы климаттык өзгөрүүлөрдөн улам күчөгөн көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн активдүү программасын жактай турганын баса белгиледи.

«Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарыбызга ылайык, биз «адаттагыдай бизнес» сценарийи боюнча 2030-жылга карата чыгындыларды 16% га, ал  эми эл аралык колдоо менен 44% га кыскартууну пландап жатабыз.

Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, газдаштыруу аркылуу көмүрдү пайдаланууну азайтуу, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүдө жылуулук жоготууларды кыскартуу, ошондой эле шаарларда жылуулук тутумун жакшыртуу аркылуу көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү пландаштырып жатабыз», – деди кыргыз лидери.

Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

2025-жылы 24–25-апрелде Кыргызстанда «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясы, 2026-жылы – Нью-Йоркто пре-саммит жана 2027-жылы – «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммити өтөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар