whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешМыйзам долбоору талкууланды

Мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 7-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын  президентин жана Кыргыз Республикасынын  депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” КР конституциялык мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп ѳттү.

Жыйынга БШКнын ѳкүлдѳрү,  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеӊсесинин адам укуктары боюнча департаментинин башчысы, Жогорку Кеӊештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана кѳз карандысыз эксперттер катышты.


БШКнын тѳрагасы Тынчтык Шайназаров талкууланып жаткан мыйзам күчүнѳ кире турган болсо, 30 шайлоо округу түзүлүп, ар биринен үчтѳн депутат келе турганын айтты.

“Конституцияга ылайык, ЖК депутаттарынын саны 90ду түзѳт. Ошондо ар бир округдан үчтѳн депутат келет. Алардын экѳѳ эркек, бирѳѳ аял киши болот. Бүгүнкү күндѳ бир шайлоочу 1 эле талапкерге добуш бере алат деп кѳрсѳтүлгѳн. Бирок, айрым депутаттар тарабынан 1 шайлоочу 3 талапкерге добуш берүүсүнѳ мүмкүнчүлүк берели деген сунуш айтылууда.

Шайлоого катышкандардын ичинен бир гана аялга мандат берилет деген түшүнүк туура эмес. Эгерде, шайлоого катышкан талапкерлердин ичинен эки аял эӊ жогорку добуш алса, анда экѳѳнѳ теӊ мандат берилет”, — деди Тынчтык Шайназаров.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Улан Примов депутаттар жана коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын-пикирлер эске алына турганын, шайлоо күрѳѳсү катары мурда коюлуп жүргѳн 100 миӊ сом 300 миӊге кѳтѳрүлүп жатканын буга бир катар факторлор себеп болгонун, анын ичинде инфлияция да бар экенин айтты.

“Инфляцияны эске алуу менен айтканда 300  миӊ сом азыр жѳнѳкѳй жарандарды деле шайлоого катышууга толук кандуу мүмкүнчүлүк берет. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын да шайлоого катышуусун камсыздоо максатында күрѳѳнү азайтуу жагын карап жатабыз. 30 округ регионалдык балансты сактайт, экинчи жагынан ар бир региондун ѳкүлү депутат болуп шайланып келе алат”.

Жогорку Кеӊештин депутаты Камила Талиева азыркыиштеп жаткан мыйзам эле калса болмок деген пикирде.

“Мыйзам долбоору келип, талкуу болуп, биринчи окуудан ѳтүп калды. Бул сунушталып жаткан мыйзам долбоору партияларды муунтуп коет деген коркунуч бар. Анын үстүнѳ күрѳѳ катары айтылып жаткан 300 миӊ сом, мага окшогон карапайым адамдар үчүн чоӊ сумма. Мурда бир мандаттуу округдан жеӊишке жеткен талапкерге күрѳѳ акчасы кайтарылып берсе, жаӊы мыйзам долбоорунда бул акча кайтарылбайт экен. Мен сунуш катары талапкер мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек деп кат жүзүндѳ бердим. Анткени, депутат болуп келген киши мыйзамдарды жазууну, аны талкуулоону билиши керек. Эч нерсени түшүнбѳй эле акчалуу кишилер келип калса, бул коркунуч да. Андай учурлар бизде болуп келген”.

Эксперт Ишенбай Кадырбеков бул мыйзам кабыл алынса, шайлоочулар ѳздѳрү каалаган талапкерди депутат кыла алат дейт.
“30 округга бѳлүнүп, 3тѳн депутат келгени жакшы. Бирок, шайлоочу 3 кишиге добуш береби же бир эле талапкергеби деген талаш жаралды. Кѳп мандаттуу дегенден кийин 1 киши үч талапкерге добуш берүүгѳ укугу болушу керек. Кыргызда эркектер саясатка кѳп аралашып, аялдар артта калып кетет. Бул мыйзам менен аял кишилер эӊ аз добуш менен депутаттык мандат алышат. Шайлоо күрѳѳсү, фонду боюнча маселелр бар, акчасы жок, бирок, таланттуу, билимдүү балдар сыртта калып калышат”.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар