Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКыргызстан шарпка каршы 1 миллион доза вакцина алат

Кыргызстан шарпка каршы 1 миллион доза вакцина алат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков баштаган делегация Россиянын Владимир шаарындагы Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна барды.

Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы институттун илимий-өндүрүштүк базасы, вакциналарды жана ветеринардык препараттарды иштеп чыгуудагы заманбап технологиялары менен таанышты. Өзгөчө жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарын изилдөө жана мониторинг жүргүзгөн лабораториялардын ишине көңүл бурулду.

Жолугушууда аймактагы эпизоотиялык кырдаал, аны алдын алуу жана турукташтыруу чаралары талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанды шарп ылаңына каршы вакцина менен камсыздоо маселеси каралды.

Анын жыйынтыгында, Кыргызстан 1 миллион доза вакцина алуу боюнча келишим түздү. Мындан тышкары, 2026-жылдын жай айларынын аягына чейин дагы 3,5 миллион доза алып келүү пландалууда.

Мындан сырткары, тараптар ветеринария тармагында кызматташууну кеңейтүү, адистерди окутуу, тажрыйба алмашуу жана балык илдеттерин биргелешип изилдөө боюнча макулдашты. Бул Кыргызстан үчүн аквакультура экспортун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болору белгиленди.

Гезит

Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар