КЫРГЫЗ – бир ай айтса бүтпөгөн эпосторун ооз эки сактаган, мыйзамдарын мөөрсүз аткарган, акылы – тунук, эси – терең акылман эл.
КЫРГЫЗ – «Атам – сөз, энем –ыр» – деп жашаган, «Бир сөз менен иш бүтүрүп, бир сөз үчүн баш кестирип», «Бир сөз менен көңүл алып, Бир сөздөн көңүл калып», түйүндүү ишти таттуу сөз, таптуу кеп менен чечкен чечен эл.
КЫРГЫЗ – киндигин муз менен кесип, ат жалында чоңойгон «эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи?» – деп эли, жерин «көөкөргө канын куюп, канжыгага башын байлап» коргогон баатыр эл.
КЫРГЫЗ – тарыхын дастанга айлантып, муңун күүгө салып калтырган, үйүнө жылан кирсе дагы ак чачып узаткан, жетим – жесирин журтка таштап кетпеген, бир туунун алдына биригип, бир ууч талканды бөлүп жеген «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган», «уугуна айтса, уулу уккан, керегеге айтса, келини түшүнгөн» нарктуу эл.
КЫРГЫЗ – «Бетке айткан сөздүн заары жок», «Баш кесмек бар, тил кесмек жок», «Учурунда айтпаса, сөз атасы өлөт» – деп мартабасына, мансабына карабай, бетке айтып, ачык сүйлөгөн кашкөй эл.
КЫРГЫЗ – достошконго алдындагы атын тарткан, керек болсо башын тарткан, «жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн» – деген убадага туруктуу, шертке бекем намыскөй, касташкандын катыгын берген, кынсыз кылыч көтөргөн кыйылган бутун үзөңгүгө байланып, кырк жылда кегин кууган өжөр эл.
Мына ушундай каада-салтын чанбаган, үрп-адатын танбаган, бөтөн элге дилин берип, тилин бузбаган КЫРГЫЗ акыркы мезгилдерде ааламдашуунун айлампасына кирип бараткандай…
Сүйүнбек Касмамбетов абабыз КЫРГЫЗ НАРКЫН жандандырып, улутту уютаар сөз таштап, Калкты бириктирген жол баштап, улуттун жүгүн мойнуна артынып, көшөрө жасаган эмгегинин акыбети кайтып, президентибиз колдоп, КЫРГЫЗ – «УҢГУ ЖОЛГО» багыт алды…
КЫРГЫЗ КӨЧҮН адаштырбай сактап калалы. Улуттун уюткусун алып жүргөндөрдү баалайлы. Ар кайсы агымга кошулуп ага берсек, «табагыбыз эмес, чөмүчүбүздү таппай» калабыз… Тарыхта канча улут жок болуп кеткенин, канча улут жок болуу алдында турганын билебиз.
УЛУТЧУЛ БОЛГОНДОН УЯЛБАЙ, УЛУТСУЗ КАЛГАНДАН УЯЛАЛЫ!