whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек

Карыя

Автобустамын. Аялдамадан улгайган киши чыкты. Орундук берээр бекен дегенсип, айлананы бир карап алды. Эч ким көчүк көтөргүсү жок. Калпакчан карыя шайдоот тура калды да:

– Келиңиз, отуруп алыңыз…

– Канчадасың? – деди тиги аксакал отурбай туруп.

– 76 жаштамын.

– Аа, анда мен отурганга жолум бар экен. 80дин чайын ичип атам. Рахмат, кем болбо, балдарыңдын күнү-күчүн көр, — деп алкап-жалкап батасын берди. Анан бирде мени карап, бирде тиги кишини карап:

– Карачы эй, 4 жаш кичүү болсо да орун бошотуп берди. Кандай жакшы ээ. Кем болбо, бактылуу карылыктын доорун сүр. Карачы эй, 4 жаш кичүү болсо дагы… – деп бир айтып, бир койбой, кайра-кайра кайталай жаш балача кубанат…

Ушундай мамиле бу заманда таңкыс боло баштаган го кыязы. А балким… Ичимден ар ой менен алпурушкуча болбой, тиги 80деги карыя кайрадан сөз баштады.

– Үйдө жалгызмын. Зеригем, анан шаарга келип кечке кыдырып, кечинде үйгө барып жатып алам.

– Кемпириңиз барбы – деди 76 жаштагы киши.

– Кемпирим кетип калган. Ошол кемпир жок, жан дүйнөдө тынчтык жок. Аны (кемпирди) алып кеттиң, мени неге албайсың? Андан көрө мени алып кетсең го-деп Кудайга күнүгө жалынам. Көзүнө жаш толо, мукактана түштү.

– Кой антпеңиз. Кудайга күнөөкөр болуп, – деди тиги киши. Жаралуу суроо берип алганын сезип, жооткоткусу келди.

– Анан кантем, карыганда кемпириң болбосо жаман экен. Кечке бозоруп жүрөм, – деп көзүнүн жашын билгизбей аарчып алды.

– Өзүңдүн кемпириң барбы?

– Бар, менден 2 жашка кичүү.

– Аа, кемпириң бар, ырысың бар экен.

Ал ортодо мен өз оюм менен алекмин. 80 жашка окшобойт, кийингени жакшы, баскан-турганы тың, жаш көрүнөт экен. Кемпир алып алса болбойт беле?

– Кемпир алып албайсызбы — оозуман чыгып кетти.

– Жо-ок, жок албайм. Өзүңдүн кемпириңдей кайда-ан.

– Балдар барбы? – деди 76 жаштагы киши.

– Балдардын баары Россияда. Мен тың эле басып жүрсөм алар ойлошот жакшы деп. Балдарың чоңойгондон кийин өздөрү менен өздөрү болот тура.

– Өзүңдүн балдарың барбы?

– Бар.

– Ошол балдарың акылдуу болсун. Карыганда кемпириң жок болсо, балдарың карабаса жаман экен. Карыянын көзүнө жаш толо түштү. Көзүндөгү жашын бизден жашырып, сыртты телмире тиктеди. Биз да унчукпай калдык…

Эми 76 жаштагы карыяга орундук беришээр дегенсип үмүттүү автобустун ичин карадым. Алдыңкы орундуктарда орто муундагы аялдар, артта жаштар. Бири телефон тиктеп, бири музыка угуп, бири уктаган түр көрсөтүп көзүн жумуп баратышат…

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар