— Кадамжайда, Ак Турпакта жашаган Калпага жолугуп сүйлөшкөнүм эсимде. Ошондо калпа: “Тээ согуш учурунда эл, жеңиш, тынчтык жашоо үчүн жанын берип иштешип, жакшы жашоодон үмүт кылышчу. Элдин курсагы ток, жакшы заман келет – деген ак тилек ар бир адамдын сөзүндө, оюнда бар эле. Элдин тилеги орундалды, мына азыр токчулук, молчулук, тынчтык заман келди. Баары бар. Өкүнүчтүүсү, азыр адамдар, бири-бирин жектешип, көралбастык, уурулук, акчанын, байлыктын кулу болуп кетишти. Эл үчүн, мекен үчүн, тынчтык жашоо үчүн ойлонгон аз. Тескерисинче, эртең кыйрайбыз, жок болобуз, өлдүк-талдык, акча-акча деген үмүтсүз шайтандай жашаган элдин саны көбөйдү. Силер ушинтип өзүңөр согушту, жокчулукту чакырып аткан жоксуңарбы? Ойлонгула! Сөздүн күчү ар бир адамдын тагдырын оңго, солго бурат. Ою, сөзү, үмүтсүз адам көңүлдү түшүрүп, маанайды ар дайым бузат, арызданып сүйлөйт. Тамак менен кийим, кара курсактан чыкпайт. Жашоодо жан азык, руханий баалуулуктар жөнүндө сөз козгосоң-коркуп, үркүп, уккусу да келбейт. Заманыңар ушундай” – деп айтты эле.
Чын эле кээ бир адамдар «жоктон» башканы айтпайт. Ниеттери жаман. Ата-энелерибиз, «Жокту айтпа, жоктун түбү жаман, жоктон Кудай сактасын. Айланайын, алдыңа кетейин, болот, жолу чыгат, эл бар, оңунан берсин, Кудай бир жагынан болбосо, бир жагынан берет», – дешчү. Андагы элдин ниет-тилектери жакшы эле. Улут баалуулуктарын баалашчу. Азырчы? Азыр элибиздин наркын, салтын унуткарып, башка элдин маданиятын ээрчип кетип атабыз. Ошентип кете берсек, улут баалуулуктарыбызды жоготуп, башка элге сиңип жок болуп кетүү коркунучу болбой койбойт. Андыктан өз жүзүбүздү сактап калалы. Илгерки ата-бабалардай чыдамкай, жакшылыктан үмүткер, ак тилекте бололу.