whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.01.2026
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭл аралык сынакта кыргызстандык эки аткаруучу байгелүү орунга ээ болду

Эл аралык сынакта кыргызстандык эки аткаруучу байгелүү орунга ээ болду

22-июлда “Мейкин Азия 2025” эл аралык музыкалык фестивалында
кыргызстандык эки аткаруучу байгелүү орундарды ээледи. Жабылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келишти.

  • Тагыраагы, Македония өлкөсүнүн катышуучусу Полина Тасева, Түркия Республикасынан келген Эже Ата жана Өзбекстандан келген Тулкин Тажиев 3-орун;
  • 2-орун Камир (Кыргызстан) жана Виталий Дроб (Беларусь Республикасы);
  • 1- орунду кыргыз аткаруучусу Урмат Сатыбалдиев алды.

Ал эми көрүүчүлөрдүн онлайн добушунун жыйынтыгында якутиялык Кирил Матвеев жеңүүчү деп табылды.

Белгилүү болгондой, быйылкы иш-чара Азия жана Европанын 25 өлкөсүнөн келген таланттуу ырчылар менен белгилүү аткаруучуларды бир сахнага чогултту. Фестивалдын конкурстук бөлүгү менен катар, ата-мекендик жана дүйнөгө таанымал ырчылардын концерттик номерлери, мастер-класстар, маданий жолугушуулар уюштурулган.

Уюштуруучулардын билдиришинче, фестивалдын башкы максаты — музыка аркылуу ар кандай элдердин жана маданияттардын ортосундагы диалогду өрчүтүү жана чыгармачылык кызматташтыкты бекемдөө.

Биринчи күндөн баштап фестивалдагы өзгөчө аткарууларды, кызыктуу учурларды “Кыргыз Туусу” сайтынан жана социалдык баракчаларынан тынымсыз чагылдырууда.

Айгерим Качкынбекова,
Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар