Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Россия, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өзүнүн куттуктоо катында:
«Биздин өлкөлөрүбүздө биз согуш талаасында теңдешсиз эрдиктери жана тылдагы жан аябас эмгеги менен нацисттик баскынчыларды талкалоого мүмкүндүк бергендердин элесин ыйык тутуп, урматтайбыз. Жеңүүчүлөрдүн мууну бизге мурас кылып калтырган достуктун жана өз ара жардамдын жакшы салттары биздин мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин өнүгүүсү үчүн ар дайым бекем негиз катары кызмат кылат деп ишенем», — деп белгиледи.
Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев өзүнүн куттуктоо катында:
«Бул улуу майрам бир тууган элдерибиздин кажыбас кайраттуулугунун жана өчпөс эрдигинин, тынчтык, бейпилдик жана эркиндик үчүн баатырдык күрөшүнүн жаркын символу болуп саналат. Мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жана бардык макулдашууларды ишке ашыруунун аркасында, албетте, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», — деп билдирди.
Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн куттуктоо катында:
«Бул тарыхый дата – эркиндикти жана көз карандысыздыкты коргогон бардык элдердин чыныгы баатырдыгынын, майтарылбас эркинин жана өз жанын аябоочулугунун символу. Жеңгендердин болуп көрбөгөндөй эрдиги урпактардын жүрөгүндө жашайт жана келечек муундарга адеп-ахлактык жол көрсөткүч катары кызмат кылат. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу согуштун эң оор сыноолорун башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштар мындан ары да чыңдала берерине, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын бекем пайдубалы катары каларына ишенем», — деп белгиледи.
Бул куттуктоолор Улуу Жеңиштин урматына өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргызстан менен аталган өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелеринин бекемдигин дагы бир жолу тастыктады.